23-сентябрда Бишкектеги мурунку Фрунзе заводунун маданият үйү оңдоп-түзөлүп ишке берилди. Бул имарат өткөн кылымдын 20-30-жылдары Чехословакиядан келген “Интергельпо” кооперативинин мүчөлөрү курган. Жаңыртылган маданият үйүнүн ачылыш аземине, Словакиянын Казакстандагы жана Кыргызстандагы элчиси Петер Юзе келип катышты. Иш-чара мамлекеттик тил күнүнө жана залкар акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракасине карата уюштурулуп, оюн-зоок менен коштолду.