Кылмышка шектүү милиция кызматкерлеринин жакындарынын билдирүүсү

jika
Скачать
Просмотров: 233
 
Опубликовано 26 Февраля 2014, 21:31

Кылмышка шектүү милиция кызматкерлеринин жакындарынын билдирүүсү (толук эмес)

Кара-Кече көмүр кениндеги Айбек Мамбеталиевдин өлүмүнө шектүү деп кармалган үч ички иштер кызматкеринин жакындары Токтогулов Рустамды табууга жардам берүүнү, Жумгал райондук сотундагы окуяны мыйзам чегинде акыйкат иликтөөнү суранышууда. Мындай пикирин алар 2014-жылдын 26-февралында КТРКнын пресс-борборунда өткөн маалымат жыйынында билдиришти.

Ички иштер кызматкерлеринин жактоочусу Алмаз Сейдакматовдун ырасташынча маркум Айбек Мамбеталиевдин жакын туугандары Жумгал райондук сотунда ишти кароо учурунда айыпталынып жаткан ички иштер кызматкерлерине бензин чачып, алардын өмүрүнө чоң коркунуч келтиришкен. Сот учурундагы башаламандыктан жарат алган айыпталынып жаткан милиция кызматкерлери Рустам Токтогулов, Жоомарт Сыдыков жана Чыңгыз Баялиев качып чыгышкан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин Рустам Токтогуловдун дайыны жок, ал эми калган экөө дарыланууда.

Ал эми кечээ, 25-февралда АКИпресс маалымат агенттигинде үзгүлтүккө учураган маалымат жыйынында А.Мамбеталиевдин жактоочусу Жандарбек Мамытбеков 21-22-февралда милиция кызматкерлери Мамбеталиевдин үй-бүлө мүчөлөрүн да кармап кетишкендигин, сотко маркум Мамбеталиевдин жакындары катышпагандыгын ырастаган.

Эске салсак, 2013-жылдын 1-декабрында Кара-Кече көмүр кенинде 1986-жылы туулган Айбек Мамбеталиев курман болгон. Жумгал райондук прокуратурасы тарабынан ИИМдин уюшкан кылмышка каршы күрөшүү башкармалыгынын жана Нарын облустук ички иштер бөлүмүнүн атайын отрядынын үч кызматкери - Токтогулов Рустам, Сыдыков Жоомарт жана Баялиев Чыңгыз кылмышка шектүү катары кармалышкан. Аларга КР Кылмыш- жаза кодексинин «киши өлтүрүү» жана «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.