Сыймык Бейшекеев - "Сага"

jika
Скачать
Просмотров: 932
 
Опубликовано 15 Января 2014, 20:48

Жаңы клиптин бет ачары!!! Бүгүн 2014-жылдын 15-январында таланттуу ырчы Сыймык Бейшекеев КТРКнын таңкы "Замана" студиясы аркылуу өзүнүн "Сага" аттуу ырына тартылган клип туурасында коомчулукка тааныштырды.

Ырдын сөзүн Жылдызбек Абдраев жазса, обону Сыймык Бейшекеевге таандык. Клиптин үстүндө “Тасма Дордой” чыгармачылык бирикмесинин эмгек жамааты иштеген. Режиссер- сценарист Тынчтык Турдалиев. Оператору Макен Максутов. Режиссер Тынчтык Турдалиевдин айтымында клип 2013-жылдын күз айларында Каракол шаарында тартылган. Чыгармада 1970-жылдары болгон кыз-жигиттин сүйүүсү баяндалат. “Тасмага Каракол шардык драма театрынын 30 чакты актерлору тартылышкан. 40 жылдан ашуун убакытты сүрөттөөгө кылган аракетибиз кыйынчылыктар менен коштолду. Анткени ошол убактагы унааларды, клипке тартылган актерлорго кийим кече өңдүү реквизиттерди табуу кыйынчылыкты жаратты. Бирок ошондой болсо да клип тартууга керектүү нерселердин баардыгын топтодук”,-дейт режиссер-сценарист Тынчтык Турдалиев.