Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев облустагы жетекчилер менен Ош облусундагы райондордун тургундары менен жолугушууларды улантууда. Бул жолу жолугушуу Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүндө өтүүдө.
Жыйынга Ош облусунун прокурору биринчи орун басары Алтынбек Аттокур уулу, Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов, Ош ОИИБдин башчысынын орун басары, Өзгөн районунун аким жана облус жана райондук маанидеги мемеке-ишканалардын жетекчилери катышууда.
Жыйындын жүрүшүндө Кароол айылынын тургуну Уулча Досанова үйүн сел каптап, неберелери менен талаада түнөп жатканын айтты.