Өзгөн районуна чоңдугу боюнча облус боюнча экинчи орунда турган подстанция курулат

turmush
Скачать
Просмотров: 4
 
Опубликовано 9 Июня 2026, 11:30

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев облустагы жетекчилер менен Ош облусундагы райондордун тургундары менен жолугушууларды улантууда. Бул жолу жолугушуу Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүндө өтүүдө.

Жыйынга Ош облусунун прокурору биринчи орун басары Алтынбек Аттокур уулу, Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов, Ош ОИИБдин башчысынын орун басары, Өзгөн районунун аким жана облус жана райондук маанидеги мемеке-ишканалардын жетекчилери катышууда.

Анда Шералы айылынын тургуну Токтомамат Токобаев Өзгөндөгү альтернативдүү жолдун акысын арзандатып, Кароол айыл аймагынын Мырза-Арык айылындагы бүтпөй калган көмөкчү чордонду бүтүрүп, айылдарга иппотекалык үйлөрдү куруп берүүнү суранды.