Ак-Талаа; Чөө күч болуп, жүрөктүн үшүн алып бүтүштү

turmush
Скачать
Просмотров: 201
 
Опубликовано 16 Января 2026, 02:02

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал айылында ноябрь айынан бери 22 баш чөө атылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Тал айылынын айыл башчысы Дастан Иманбековдун айтымында, 2025-жылдын ноябрь айынан бери ушул убакка чейин айылдан жергиликтүү мергенчилер тарабынан 22 баш чөө атылган. Атылган чөөлөрдүн терилери райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына алынып келинип, биркалары бастырылды. Ар бир атылган чөө үчүн мамлекет тарабынан 1600 сомдун тегерегинде сый акы берилери маалым болду.

"Ак-Тал айылынын түндүк тарабынан агып өткөн Нарын дарыясынын жээги токой болгондуктан башка айылдардан айрымаланып биздин аймакта чөөлөр көп. Кечкисин айыл четине чейин келип уулуганда балдар эле эмес, чоң кишилердин жүрөгүнүн үшүн алып бүтүшчү. Айрым учурларда айыл четинде жашаган тургундардын индюк, тоокторун соо койбой жеп кетишет. Алтургай козу, улактарга тиш салган учурлар дагы болгон. Ар бир атылган чөө үчүн 1600 сомдон сый акы берилет экен. Бул дагы жакшы. Бирок, мындан көбүрөөк колдоо болсо дагы жергиликтүү мергендер үчүн жакшы болмок эле", - деди Да.Иманбеков.
--
Отправлено из Mail для Android