Ош шаарындагы А. Сүйүмбаев атындагы стадион оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Эркин Эргешов билдирди.
Анын айтымында, стадиондун оңдоп-түзөө иштерине жалпысынан 75 млн сом сарпталган. Курулуш иштерин «Гигант-Строй» компаниясы аткарган.