Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу Терек айылынын борбордук көчөсү оңдоодон өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, аталган айылдагы Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү же тактап айтканда 1987-жылкы классташтардын демилгеси жана 300 миң сом демөөрчүлүгү менен борбордук Молдобасан көчөсүнө башынан аягына чейин шагыл төгүү, аны түздөө жана таптоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, аталган көчөнү оңдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 800 миң сом акча бөлүнүп, кызыл сызыктан чыгып кеткен дубалдар, тосмолор алынып, бак-дарактар түбү менен омкорулуп, толук кандуу оңдоодон өткөрүү иштери кызуу жүрүп жатат. Көчөнүн узундугу 2200 метр, туурасы 10 метрди түзөт.
Айыл башчысы Токтомуш Кожоев аталган көчөгө асфальт бастырууну максат кылып жатышканын айтты.
"Көчөгө шагыл төгүү жана оңдоо иштери 2-май күнү башталган. Бул демилгени 1987-жылкы жигиттер көтөрүп чыгып, өздөрүнүн мектепти бүткөндөрүнүн 20 жылдык урматына карата абдан жакшы саамалык, жакшы иш баштап беришти. 20 жылдык бүтүрүүчүлөр 300 миң сом демөөрчүлүк кылышып, ал эми айылдагы жүк тартуучу унаалардын айдоочулары бири калбай шагыл тартып беришсе, жергиликтүү жашоочулар чоң таштарын терип жардам беришүүдө. Шагыл төгүлүп, грейдер менен сүрүлүп, кайра атайын топтоочу оор техника менен тапталууда. Мындан тышкары, көчөнү толук кандуу оңдоодон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 800 миң сом бөлүнүп берилген. Учурда, кызыл сызыктан чыгып кеткен дубалдар, тосмолор алынып, бак-дарактар түп-тамыры менен омкорулуп, оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Буюрса, аталган көчөгө асфальт бастырууну максат кылып, фонддордун бирине долбоор даярдап жатабыз", - деди Токтомуш Кожоев.
--
Отправлено из Mail для Android