Ак-Талаа; Кош-Дөбөдө жалгыз бой эне үй-жайын суу каптап жатканына нааразы болду

turmush
Скачать
Просмотров: 90
 
Опубликовано 30 Апреля 2025, 22:46

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынын тургуну, жалгыз бой эне Айзат Мааданбекова 2 күндөн бери үй-жайын суу каптап жатканын айтып, нааразы болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын айтымында, эки күндөн бери күн ысыгандыктан Уу-Талаа чөлкөмүндөгү Ак-Жар сайынан суугун көлөмү көтөрүлүп, сугатка бурулган суу 2 күндөн бери үй-жайын каптап жаткандыгын, лакылдаган сууну кол күчү менен токтото албастыгын, ал тургай сарайынын бир капталынын суу оюп кирип, ичине чейин суу каптап жатканын жана өзү жалгыз бой эне экендигин айтып нааразы болду.

"Ак-Суу деп коюшат. Айылдын баш жагынан суу келет. Бул суунун башында атайын сурап болуш керек эле. Бирок, "быйыл мурап жок" деп кайдыгер карап, эч ким көңүл бурбай жатат. 2 күндөн бери күн ысыгандыктан улам суу көтөрүлүп, суу дагы чоңоюп, каналга батпай жатат. Айыл эли "сугат" деп сууну токтотпой жатат. Башынан сайга салып жиберишпесе токтобойт. Суунун башында буга чейин мурап иштеп, сууну нары-бери буруп турчу. Эми минтип лакылдаган сууну арыкка салып салышты. Суу салардан мурун арыкты казып, оңдоп коюшпайбы. Өзүм жесир аялмын. Эки күндөн бери жаш балдарым менен чыркырап жүрөм. "Арык, каналды оңдоп туруп, суу салбайт белеңер" десем, "өзүң тосуп албайт белең" деп кайра мени күнөөлөшөт. Лакылдаган сууну кантип тосом же үйдө эркек болбосо? Сууну баш жагынан сайга салыш керек болчу. "Сайга салгыла" десем, "эл чөп сугарып жатат" деп болбой жатышат. Алар чөбүн сугарып, малын баксын, аа менин үй-жайым кулап калса мейлиби. Кечээ, бир техника менен келишип, сууну тосуп токтотуп беришкен. Кайра эле каптап жатат. Азыр түндүн бир убагында дагы каптап жатат. Техника жиберишкен. Мунун алы жетпей жатат. Бул жактагылар "мурап жок, бул канал суу чарба башкармалыгына өтүп кеткен, бизге карабайт" деп жатышат", - деди чыркыраган жалгыз бой эне.

Ал эми Кош-Дөбө айыл башчысы Марат Эдигеев учурда кайра техника жиберип, жалгыз бой эненин үйүн каптап жаткан суунун нугун буруп жатышканын айтты.

"Ооба, кечээ күндөн бери күн ысыгандыктан улам суу көтөрүлүп жатат. Кечээ кечинде "суу каптап жатат" дегинен техникасы бар бир жигитти жиберип, түнкү саат 02:00 дө сууну сайга салдыртканбыз. Ал жакта суу ары-бери "ойноп" турат да. Бүгүн дагы каптап жаткан экен. Эми ал жигитти кайра жумшай албайбыз. Чындыгында, ал сууну көзөмөлдөп турган мурап жок. Мурап чыкпай жатат. Тейлегенге убактылуу киши жок. Мурда ал жерди суу пайдалануучулар ассоциациясы тейлөөчү. Андан кийин муниципалдык ишкана тейледи. Быйыл каналдын бардыгын суу чарба башкармалыгы алды да. Менин колумда техника жок. Кечээ, мурда иштеп жүргөн жигитти суранып жиберген элем. Бул суу менен Ой-Беде чөлкөмүндө дыйкандар 300 гектар аянтын сугарат. Бир күндө 6-7 кулак суу алат. Ылдый жагында дыйкандардын кызыкчылыгы бар. Ал эми өйдө жагында үйлөрдү суу каптап жатат. Ой-Беде чөлкөмүндө жалпы 600 гектар аянт бар. Мунун 450 гектар аянтын насостук станция менен сугарабыз. Калган жерлерди ушул ак суу менен сугарабыз. Ушундай суу көп кезде сугарып албасак, анын баарын сугарганга насостук станциянын суусу жетпейт. Чындыгында арык-каналдар эскирди. Ошол жактагы латоктун түбү сынып калыптыр деп жатышат. Ошол жактан ашып-ташып кетиптир. Анан башкы суубөлүштүрүүчү жайы бар. Суу менен ар кандай нерселер агып келип, щитти бүтөп калат. Ошол кезде бирөө барып, күндө 2 маал тазалап, сайга салып туруш керек да. Ошол жерге иштегенге эч ким чыкпай жатат. Айлык төлөнбөгөн жерге эч ким иштегиси келбейт экен. Дагы бир жагдай. Жардам бербей койгон жокпуз. Үй-жайын каптап жаткан сууну ары буруп коюшса болот да. Ал чоң деле суу эмес да. Арыгын тосуп коюшпайбы", - деди айыл башчысы.

--
Отправлено из Mail для Android