Ак-Талаа; Жаңы-Тилек айылына бара турчу 3 км жолго демөөрчүлөр тарабынан шагыл төгүлүүдө

turmush
Скачать
Просмотров: 5
 
Опубликовано 30 Апреля 2025, 18:55

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Жаңы-Тилек айылына бара турчу унаа жолго шагыл төгүлүп, оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мындан бир ай мурун Жаңы-Тилек айылынын тургуну, коомдук ишмер Айып Райымов аксакал көз жумган. Учурда, маркумдун уул-кыздары атасынын кыркылыгын өткөрүүгө сарптала турчу чыгымды ысырапкорчулукка жол бербөө максатында Баетов - Кош-Дөбө унаа жолунан тарта айылга чейинки 3 чакырымга чукул жолго шагыл төктүрүп берип жатышкандыгы маалым болду. Ал эми алардын мындай демилгесин айыл өкмөт жана айыл өкмөттүн алдындагы "Кадаң-Майстан" муниципалдык ишканасы колдоого алып, техникалары менен ишти аткарып беришүүдө.

Айып Райымовдун уулу Эрмек Айыпов өлкөнүн өнүгүшүнө бардыгыбыз салым кошолу дейт.

"Атабыз Айып Райымов быйыл 85 жаш курагында дүйнө салды. Эми минтип көз ачып жумганча эле кыркылык күнү келип, атабызга куран окутуп жаткан учурубуз. Бирок, уул-кыздары сүйлөшүп, кеңешип, атабыздын кыркылыгына кете турчу каражатка айылга келчү чоң унаа жолго шагыл төктүрүп, жолду оңдотуп берип коёлу деген максатта, экинчиси өлкө башчыбыздын ысырапкорчулукка каршы чыгарган буйругун аткарууга алуу жана өлкөбүздүн өнүгүшүнө ар бир жаран салым кошолу деген максатта ушул ишти аткарып жатабыз. Албетте, бул демилге бизди колдоого алып, техникалары жана жумушчулары менен иштеп жаткан айыл өкмөттүн жана муниципиалдык ишканага ыраазычылык билдиребиз. Атабыз дагы учурунда агроном болуп, элге кызмат кылган коомдук ишмер эле. Атабыз өзү болбосо дагы, иши улана берсин деген максатта дагы иш алып баруудабыз. Шагыл төгүү жана таптоо иштерине техникалардын күйүүчү майы менен камсыздап берип жатабыз", - деди Э.Айыпов.

Ал эми "Кадаң-Майстан" муниципалдык ишкананын айдоочусу Тынчтык Эсенаманов аталган жолго шагыл төгүү иштерине 3 күндөн бери иштеп жатышканын айтты.

"Чындыгында бул жолдун абалы аябай эле болбой калыптыр да. Аң, чуңкур, кыян суулары деп кеткен. Айрым жерлери жана кыя жолу эптеп эле бир унаа баткыдай жол болуп калыптыр. Унаалар эптеп эле жүрүп калган экен. Айылдагы Айып атанын балдары күйүүчү майы менен камсыздап, айыл өкмөт жана биз биргелешип жолду оңдоо иштерин аткарып жатабыз. Иштеп жатканыбызга 3 күн болду. Кудай буюрса, бүгүн шагылын төгүп бүтөбү деп турабыз. Буга чейин "Хово" унаасы менен 300 каттам шагыл төктүк. 3 чакырымга чукул жол окшойт. Шагыл төгүлүп бүтсө, муниципалдык ишкананын техникалары шагылды жайпап, оңдоп-түздөп беришет. Иш жакшы жүрүүдө", - деди Т.Эсенаманов.

Жаңы-Тилек айыл башчысы Адилет Эшболот уулу аталган жол союз тарагандан бери оңдолбой келгендигин айтты.

"Бул жол тээ союз тарап кеткенден бери оңдолбой жаткан. Шагыл төгүлгөн эмес. Айып атанын балдары атанын кыркылыгына сарптала турчу каражатка күйүүчү майын алып берип, демөөрчүлүк кылышууда. Биздин ишкананын техникалары менен ишти аткарып жатабыз", - деди ал.



--
Отправлено из Mail для Android