Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургундары Чек-Сай чөлкөмүнө бара турчу унаа жолдун абалына нааразы болушууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Баетов айылынын тургуну Чыңгыз Асылбеков Баетов айылынан тарта Чек-Сайга чейинки жол каралбай калгандыгын, ой-чуңкурга айланып, жолдон оркойгон таштар чыгып, айрым жерлерин суу жеп, унаалардын жүрүшүнө кыйынчылык болуп жатканын айтты.
"Баетовдун чыга берген жеринен тарта сайга чейин болжолдуу 3,5 чакырымды түзөт го. Жайлоого бара жаткан жашоочулардын баары эле көрүп, билет. Жолдун абалы начар. Таштар чыгып калган. Бир жери аң-чөнөк, бир жери шифер, дагы бир жерин суу жеп кеткен. Ушул жол жайыт комитетинин карамагындабы же жол тейлөө ишканасынын карамагындабы, билбейбиз. Бирок, жолду сүрдүрүп, айрым шагыл төгүп түздөтүп берип коюшса жакшы болмок", - деди Ч.Асылбеков.
--
Отправлено из Mail для Android