Сузакта 40 миң түп көчөт отургузулду

turmush
Скачать
Просмотров: 79
 
Опубликовано 20 Марта 2025, 16:29

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда суу чыкпаган 100 гектар адырга 40 миң даана көчөт тигилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, ӨКМдин алдындагы Токой кызматынын башчысы, ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, куткаруучулар жана токойчулар катышты.

Саамалыкта сөз сүйлөгөн министр жаңы токой аянттарын кеңейтүү өлкөнүн бардык аймактарында жүрүп жатканын, акыркы жылдары ийне жалбырактуу көчөттөр эмес, жазы жалбырактуу көчөттөр тигилип жатканын айтты.