Ак-Талаа району; Коңорчок айылынын мергенчилери 10 күндө 4 карышкыр атышты

turmush
Скачать
Просмотров: 628
 
Опубликовано 11 Января 2025, 15:13

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Коңорчок айылынын мергенчилери бир күндө 2 карышкыр атып алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү мергенчи Максат Нарынбек уулунун айтымында, учурда кыш мезгилинде карышкыр күч болуп, жергиликтүү жашоочулардын малына кол салып чыгымга учуратып жаткандыктан улам, жергиликтүү мергенчилердин жана элдин биргеликте уюштуруусунда карышкырга аңчылык кылуу иштери көлгө алынып, натыйжада 10 күн мурун Максат Нарынбек уулу тарабынан 2 дөбөт карышкыр жок кылынса, ал эми ат-башылык мергенчилер менен биргеликте уюштурулган аңчылыкта 1 дөбөт жана 1 канчык карышкыр атылгандыгы маалым болду.

"Учурда карышкыр күч болууда. Карышкырлар үйүрү менен жүрүүдө. Тактап айтканда, 5-6 дан, 3-4 төн болуп чогуу жүрүп, жылкыларга кол салышууда. 2 айдан бери 20 дан ашык жылкы, 20 дан ашык кой жедирдик. Жылкы баласы майларды кошпогондо ушунча жедирдик. Тайлардын бир далайын эле жеп кетти. Ал эми карышкыр атууга айыл элинен сый акы коюлуп берилген. Ар бир жылкыбашына 100 сомдон чогултушкан. Чогулган акчадан бир карышкырга 15 миң сом беришет. Айылда болжол менен 1 миңге чукул жылкы бар. Ноот, Ак-Дөбө, Айгыр-Булак деген жерлерден 10 күн мурда аңчылык кылууда мен 2 дөбөт карышкыр атып алгам. Андан кийин же тагырагы 9-январь күнү ат-башылык мергенчилер менен биргеликте аңчылыкка чыгып, алар тарабынан 2 карышкыр атылды" - деди мергенчи Максат Нарынбек уулу.

--
Отправлено из Mail для Android